• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

"Кабар" МАБ: КРда санариптештирүү. Президент демилгелердин аткарылышын көзөмөлдөөдө

Аналитика 0

Санариптештирүү маселесине өзгөчө көңүл бурулууда. Дүйнө жүзү COVID-19 пандемиясына байланыштуу жаңы формадагы кризисти башынан кечирип жаткан учурда калктын коопсуздугу алдыңкы орунга чыкты. Санариптик технологияларга өтүү менен иштерди кыска убакыттын ичинде аткарууга, ошондой эле коррупциялык жана башка көрүнүштөрдү азайтууга мүмкүндүк берет. Андыктан, өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков жооптуу адамдар менен бир катар жолугушууларды өткөрүп, өзүнүн демилгелерин жеке көзөмөлдөөдө.

"Өлкөнүн жогорку жетекчилиги өз пландарын ишке ашырууга түздөн-түз кызыкдар болсо, анда ал акыры жыйынтык берет. Мамлекеттин жогорку кызмат адамдарынын көзөмөлдөөсү болбосо көп иштер токтоп калышы мүмкүн. Кыргызстандын президенти өзүнүн ишин туура жүргүзүүдө. Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү милдети жүктөлгөн адамдар менен үзгүлтүксүз жолугушуулар белгилүү бир натыйжага жетишүүгө багытталган механизмдин жылышына жардам берет. Санариптештирүү - бул жаңы бир бийиктикке көтөрүлүүнүн аспектиси. Бул Кыргызстандын өнүгүүдөгү маанилүү кадамы. Санариптештирүү аркылуу бийликтин көңүл сыртында болгон аймактар ​​борборго жакыныраак болот. Бул маселеге жана аймактардын өнүгүшүнө өзгөчө көңүл бурулушу керек ”, - "Кабар" МАБдын туруктуу эксперти Евгений Донченко.

Жакында эле президент Сооронбай Жээнбеков өкмөткө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын (ЭТКМИ) директору Мырзабек Жыпаркуловду кабыл алды.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук маселелери боюнча мамлекеттик көзөмөл тутумун өркүндөтүү, ведомствонун ишмердигин санариптештирүү боюнча чаралар талкууланды.

ЭТКМИ директору Мырзабек Жыпаркулов бүгүнкү күндө субъектилерди текшерүүдө инспекция кызматкерлеринин коррупциялык тобокелдиктери менен байланыштарын азайтуу максатында ведомствонун ишмердигин автоматташтыруу боюнча жигердүү иштер жүрүп жатканын маалымдады.

"Экология жана техникалык коопсуздук сыяктуу тармактарды санатиртештирүү маселеси өтө маанилүү бойдон калууда. Санариптик формат аркылуу заманбап коомдун негизги көйгөйү - коррупция чечилет. Бул чөйрөдө коррупция бардык процесстерге терс таасирин тийгизет. Жалпысынан акылдуу технологияларга өтүүгө байланышкан демилгелердин маанисин белгилеп кетким келет. Дүйнөдө коронавирус кеңири жайылган учурда санариптештирүү көптөгөн күнүмдүк көйгөйлөрдү чечүүдө. Алсак, санариптештирүү аркылуу жеке коопсуздугубузду камсыз кылуудабыз. Ар бир жаран үйдөн чыкпастан каалаган көйгөйлөрдү чече алат. Ошондой эле бүгүнкү күндө абдан маанилүү болгон жарандар ортосундагы аралыкты сактоого жана убакытты үнөмдөөгө жардам берет. Акча которуулар, азык-түлүк, дары-дармек, керектүү тиричилик техникаларды же электроникаларды сатып алуу, төлөм жүргүзүү сыяктуу иштер бир топ жеңил болуп калды. Кыргызстан бул жаңы форматка өтүүдөгү баштапкы тепкичте турат, бирок санариптик технологияларды жайылтуунун натыйжалары көрүнүп турат. Маселен, быйылкы COVID-19 инфекциясына байланыштуу Кыргызстандагы бардык мектеп, ЖОЖдор дистанттык негизде билим берүү программасына өтүүгө аргасыз болушту. Бул бардык тармактарда санариптештирүүнү өнүктүрүүгө жана жайылтууга багытталган прогрессивдүү кыймылдын алгачкы белгиси. Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз коомчулугун жаңы деңгээлге көтөрүүгө умтулууда. Бул Кыргызстанга көптөгөн мамлекеттер менен бир катарда болууга, дүйнөлүк экономикалык жана соода процесстерине аралашууга мүмкүндүк берет. Мунун баары мамлекеттин өнүгүшү үчүн маанилүү. Белгилүү болгондой, Кыргызстандын экономикасынын көптөгөн тармактарынын потенциалы жогору", - дейт Донченко.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын (ЭТКМИ) директору Мырзабек Жыпаркуловдун айтымында, ишкердик менен өз ара аракеттешүү боюнча бизнес процесстерди кароо жүрүп жатат. Адам факторун жана ишкерлер менен текшерүүчүлөрдүн түздөн–түз байланышын жоюу максатында көзөмөлдөөнүн айрым түрлөрү санарип форматта аралыктан иштөөгө которулат.

Бул үчүн ЭТКМИнин бардык маалыматтар базасы автоматташтырылат жана "Түндүк" тутумуна кошулат.

ЭТКМИ ишмердигинин ачык-айкындыгын жогорулатуу максатында техникалык эреже бузууларды каттоонун автоматташтырылган маалыматтык тутуму иштелип чыккан. Көзөмөлдүн бардык кыймыл-аракеттери онлайн режиминде жаздырылат жана коомчулукка жеткиликтүү болот.

Мындан сырткары, бүгүнкү күндө ведомствонун жаңы сайты иштелип чыгып жатат. Аны менен реалдуу убакытта тигил же бул объектинин курулушунун жүрүшүнө байкоо жүргүзүүгө болот.

Муну менен катар мыйзамсыз курулуп жаткан объектилердин реестри иштелип чыгууда, тигил же бул маселе боюнча жалпы өлкө жарандары кайрыла ала турган бирдиктүү колл-борбор ишке киргизилүүдө, экологиялык жана техникалык ченемдерди бузгандарга айыппул салуунун электрондук тутумун киргизүү мерчемделүүдө.

Ошондой эле Мырзабек Жыпаркулов курулуп жаткан объектилер, суу транспорттору, суу транспортторунун токтотмо жайларынын базалары, кооптуу өндүрүш объектилери, кооптуу өндүрүш объектилеринин техникалык түзүлүштөрүнүн электрондук реестрлерин түзүү боюнча этап-этабы менен иштер аткарылып жатканын белгиледи.

Ал ишкердик субъектилери менен өз ара аракеттешүү бара-бара толугу менен санарип форматка өткөрүлөрүн баса белгиледи.

ЭТКМИ директору санариптештирүү келечекте мекеменин архитектура жана курулуш, энергетика, өрт, экология, өнөр жай, транспорттук ж.б. коопсуздукту көзөмөлдөөнүн бардык тармактарында этап менен киргизилерин кошумчалады.

Президент Сооронбай Жээнбеков объектилерди курууда жана өнөр жай ишканаларында талаптарды бузуулар бат-баттан байкалып жатканын белгиледи. Экологиялык жана техникалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-милдеттерди аткарууда коррупциялык көрүнүштөр орун алып, анын аркасында негиздүү сындар айтылып жатат.

Буга байланыштуу экологиялык жана техникалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча ишмердикти санариптештирүү өзгөчө маанилүү экенин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы ишкердик субъектилери менен конструктивдүү кызматташууну жолго коюу зарылдыгын белгиледи жана бизнес менен иштөө принциптерин кескин түрдө кайра карап чыгуу зарылдыгына көңүл бурду.

"Биз жазалоо чараларынан кайтышыбыз керек жана экономикалык субъектилердин ишмердүүлүгүнө колдоо көрсөтүп, түрткү беришибиз зарыл", — деп жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Учурдагы пандемиядан кийинки мезгилде экономикалык ишмердүүлүктүн бардык объект жана субъекттилерин мамлекеттин толук колдоосу маанилүү болууда. Санариптик технологияларды кийирүү боюнча иштер көптөгөн татаал же кечиктирилгис маселелерди чечүүгө багытталган. Бул процесс башталды, эми аны аягына чыгаруу керек.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий