• 88.68
  • 95
  • 0.95

Африкада коронавирус жуктургандардын саны 240 миңден ашты

Дүйнө 0

Бишкек, 15.06.20. /Кабар/. Африкада коронавирус жуктургандардын саны 240 миңден ашты. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун аймактык өкүлчүлүгүнөн билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Африка континентинде 240 миң 295 адам коронавируска чалдыккан. Коронавирус жуктурган 110 миңден ашык киши оорудан айыгып, ооруканадан чыгарылган, 6 миң 412 жаран каза болгон.

Африкада коронавирусту эң көп Түштүк Африка Республикасында (70 миң 38), Египет (42 миң 980) жана Нигерия (16 миң 85) өлкөлөрүндө жуктурушкан.

Пикир

Оставить комментарий