• 88.68
  • 95
  • 0.95

Болгарияда автобус жол кырсыгына учурап, 45 жүргүнчү каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 23.11.21. /Кабар/. Болгарияда автобус жол кырсыгына учурап, 52 жүргүнчүнүн 45и каза болгон. Бул тууралуу чет элдик ЖМКлар билдирет.

Маалыматка ылайык, Түндүк Македониядан келе жаткан туристтик автобус жол кырсыгына кабылып, андан кийин өрттөнүп кеткен.

Окуя болгон жерде 45 адам каза болгон, алардын 12си балдар.

Айрым ЖМКлардын маалыматына караганда, өрт кокустан чыккан.

Пикир

Оставить комментарий