• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тулада бычакталган кассирдин сөөгү Өзбекстанга жеткирилет

Дүйнө 0

Бишкек, 02.05.19. /Кабар/. Өзбекстан Эмгек министрлиги Орусиядагы супермаркетте өлтүрүлгөн кассир Умида Эгамуратованын сөөгүн мекенине жеткирүүгө жардам берерин билдирди.

Министрлик тараткан маалыматка караганда, Умида Эгамуратова Орусия жараны болгон. Ага карбай мекеме замандашынын сөөгүн Өзбекстанга жеткирүү үчүн тиешелүү жардам көрсөтүүгө даяр.

Өзбекстан ТИМи дагы маркумдун туугандарына көңүл айтып, бул трагедиялуу окуя элчиликтин консулдук бөлүмүнүн көзөмөлүндө экенин кабарлады.

28-апрелде Тула облусунун Узловая шаарында 34 жаштагы киши «Пятерочка» супермаркетинде кассир болуп иштеген Умида Эгамуратовага 21 жолу бычак сайып өлтүргөнү маалымдалган.

Орусия Ички иштер министрлиги 33 жаштагы Умида Эгамуратова жандандыруу бөлүмүндө көз жумганын билдирген. Анын артында үч баласы жетим калды.

Пикир

Оставить комментарий