• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

60 жаш маараке: Сооронбай Жээнбековдун президенттигинин урунттуу учурлары

Аналитика 0

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 24-ноябрында расмий түрдө кызматка киришкен. Мамлекет башчысы көптөгөн расмий жана жумушчу сапарларды жасады, алардын ичинде чет өлкөгө чыккан визиттер да аз эмес, бул адистердин айтымында сыйлоого татыктуу. “Кабар” агенттиги Сооронбай Жээнбековдун президенттигинин урунттуу учурларын эске салат.

Мындай алгачкы учурлардын бири – бул КР президентинин Россияга болгон биринчи жумушчу сапары. Мамлекет башчысы ал жакка 2017-жылдын 29-ноябрында россиялык тараптын чакыруусу менен барган. Тактап айтканда, инаугурациядан кийин туура төрт күн өткөн соң.

Россияга болгон визиттин алкагында КР президенти Сооронбай Жээнбеков Россиянын президенти Владимир Путин, Россия өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медеведев менен жолугушту. Ошондой эле ал КВН Эл аралык союзунун президенти Александр Масляков менен жолугушуп, Кыргызстан менен Россиянын элдеринин ортосундагы достукту чыңдоого кошкон чоң салымы, көп жылдык жана үзүрлүү чыгармачыл ишмердиги үчүн “Достук” орденин тапшырды.

Андан соң мамлекет башчысы Жамааттык коопсуздук Келишим уюмунун (ЖККУ) мамлекет башчыларынын кеңешине катышуу үчүн Беларусияга учуп кеткен.

Сооронбай Жээнбеков Белоруссиянын Минск шаарында Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуп, эки тараптуу мамилелердин келечегин, анын ичинде кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгы менен Президенттер басма сөз кызматкерлери үчүн билдирүү жасашты.

“Биз Нурсултан Абишевич менен бардык маселелер туурасында сүйлөшүп, бир чечимге келдик. “Жол картасы” бар, эки өлкөнүн Өкмөттөрү иштеп жатат, декабрь айынын аралыгында бул багыттагы иштерди аягына чыгарабыз. Чек арага биргелешкен көзөмөл коёбуз. Эки тараптуу кызматташуунун бардык маселелери чечилет”, -деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

2017-жылдын 13-14-декабрь күндөрү президент С.Жээнбеков расмий визити менен Өзбекстанга барды. Визиттин алкагында Жээнбеков Өзбекстандын президенти менен тар жана кенен форматта жолугушууларды өткөрдү. Жолугушуунун жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлган.

Андан соң 25-декабрда мамлекет башчысы казак тараптын чакыруусу менен расмий иш сапары боюнча Казакстанга учуп кеткен.

Сапардын алкагында Жээнбеков менен президент Нурсултан Назарбаевдин тар жана кенен чөйрөдөгү жолугушуусу болуп, анда тараптар ЕАЭБ алкагында эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашкан.

Жолугушуунун аягында бир катар документтерге кол коюлган.

“Биз Нурсултан Абишевич менен тар жана кенен форматтагы жолугушууларда Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы кызматташуунун актуалдуу маселелери жана келечеги тууралуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдүк”, - деп билдирген мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Астанада басма сөз кызматкерлери үчүн жасашкан билдирүү учурунда.

2018-жылдын 10-январында президент С.Жээнбеков өлкөнүн аймактарына алгачкы сапар жасаган. Нарын облусунун Жумгал районунун жашоочулары менен болгон жолугушууда мамлекет башчысы 2018-жылды аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялаган.

2018-жылдын 2-февралында Кыргызстандын президенти Тажикстан республикасына расмий визит менен барды. Визиттин алкагында Эмомали Рахмон менен тар жана кенен форматтагы жолугушуулар болуп, анын жүрүшүндө кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланган. Визиттин жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюу болуп, эки өлкөнүн мамлекет башчылары биргелешкен билдирүү кабыл алышкан.

2018-жылдын 8-февралында президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жыйыны өттү.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча актуалдуу чаралар жөнүндө» маселе каралды.

2018-жылдын март айында ТҮРКСОЙ 2018-жылды Айтматовдун жылы деп жарыялады.

ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Дюсен Касеинов КРнын Президенти менен жолугушууда Чыңгыз Айтматовдун жылынын урматына дүйнө жүзү боюнча бир катар иш-чаралар болорун, ТҮРКСОЙ апрелде Чыңгыз Айтматовго арналган баштапкы иш-чараны өткөрүүнү пландап жатканын билдирген.

Жолугушуу учурунда президент Сооронбай Жээнбеков ТҮРКСОЙ алдыда дагы түрк тилдүү өлкөлөрдүн арасында маданий-гуманитардык кызматташтыкка көмөкчү болоруна ишенимин билдирген.

2018-жылдын 15-мартында президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин чакыруусу менен Казакстандын борборунда Борбордук Азиядагы мамлекеттердин башчыларынын биринчи консультативдик жолугушуусуна катышкан.

2018-жылдын 9-апрелинде КРнын Президенти Сооронбай Жээнбеков Түркияга расмий сапары менен барды. Сооронбай Жээнбековду анын кесиптеши Режеп Эрдоган Анкара шаарындагы президенттик сарайда тосуп алган.

Ал эми ушул эле жылдын 12-апрелинде КРнын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Бельгия падышалыгына жумушчу сапары орун алган. Анда Евробиримдиктин жетекчилиги менен жолугушуулар өткөн. Жээнбековду Евробиримдиктин органдарында жылуу тосуп алышкан.

Сапар учурунда С.Жээнбеков Европа биримдигинин чет элдик иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Федерико Могерини, Европа парламентинин төрагасы Антонио Таяни, Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск менен жолугушкан.

Визиттин алкагында Мамлекет башчысы Европа комиссиясынын төрагасы Жан-Клод Юнкер менен жолугушуп, жыйынтыгы боюнча маалымат каражаттарына билдирүү жасашты.

2018-жылдын 9-майында Президент Сооронбай Жээнбеков “Өлбөс полк” жөө жүрүшүнө катышып, катышуучулар менен бирге сүрөт көтөрүп алып Бишкекте баскан. Ал өзүнүн чоң атасы, Улуу Ата Мекендик согушта дайынсыз жоголгондордун тизмесин толуктаган Жээнбек Пирназаровдун портретин көтөргөн. Анын уулдары Эрмамат Жээнбеков жана Токтомамат Жээнбеков фронттон ар кандай жаракаттары менен кайтып келишкен.

2018-жылдын 14-майында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Сочи шаарында өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин отурумуна катышкан. Ага Евразия экономикалык биримдигиндеги мамлекеттердин башчылары катышкан.

2018-жылдын 1-июнунда президент Сооронбай Жээнбеков Эл аралык балдарды коргоо күнүндө Бишкектеги Балдарды жана үй-бүлөнү калыбына келтирүү борборуна барган.

2018-жылдын 7-июнунда Сооронбай Жээнбековдун Кытай Эл Республикасына мамлекеттик иш сапары орун алган. Анын жүрүшүндө мамлекет башчысы КЭРдин төрагасы СИ Цзиньпин, КЭРдин мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцян жана КЭРдин эл өкүлдөрүнүн бүткүл кытайлык чогулушунун туруктуу комитетинин төрагасы Ли Чжаньшу менен жолугушкан.

2018-жылдын 10-июнунда Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасына мамлекеттик визитин аяктап, Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Пекин шаарынан Циндао шаарына (КЭР) келген.

Саммиттин алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Монголиянын Президенти Халтмаагийн Баттулга менен эки тараптуу жолугушууларды өткөргөн.

2018-жылдын 14-июнунда Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясына жасаган иш сапарынын алкагында Россиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Иш сапарынын алкагында ал өзүнүн кесиптеши Владимир Путин менен жолугуп, аны менен эки тараптуу мүнөздөгү актуалдуу маселелерди жана ЕАЭБдин алкагындагы кызматташтыкты талкуулаган.

2018-жылдын 6-июлунда С.Жээнбеков Казакстанга бир күндүк иш сапары менен барып, Казакстан Республикасынын борборунун 20 жылдыгына арналган иш-чараларга катышкан.

2018-жылдын 10-июлунда Кыргызстандын президенти Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын инаугурация аземине катышкан.

2018-жылдын 18-июлунда КРнын Президенти Кыргызстандан тыш мамлекеттерде иштеп жаткан мекендештер менен жолуккан.

19-июлда Сооронбай Жээнбеков Бишкекте Кыргызстандын жарандык секторунун өкүлдөрү менен жолгушкан.

2018-жылдын 13-августунда КР президенти Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында КРны туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин отуруму өткөн.

КРнын Президенти Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы боюнча Президенттин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Досалы Эсеналиев жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүктөрүн реформалоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуучу эксперттик жумушчу топту түзүүгө бел байлаган. Эксперттик топту саясий-укуктук изилдөөлөрдүн борборунун директору Тамерлан Ибраимов жетектеген.

24-августта КРнын Президенти Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстанга мамлекеттик визит менен учуп барган.

Мамлекеттик сапардын алкагында Мамлекет башчысы Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухаммедов менен тар жана кеңири курамда жолугушкан. Бир катар маанилүү документтерге, анын ичинде Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын ортосунда стратегиялык өнөктөштүк тууралуу декларацияга кол коюлган.

Түркмөнстан Президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун чакыруусу боюнча Түркмөнбашы шаарында өткөн Аралды сактоо эл аралык фондунун Саммитине ардактуу мейман катары катышкан.

2018-жылдын 2-сентябрында президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи өткөн.

Ачылыш аземине конок катары Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган, Татарстандын президенти Рустам Минниханов, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан жана Эмиратын ханзаадасы Фуджейра Мухаммед бин Хамад бин Мухаммед Аль-Шарки катышты.

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында эки өлкөнүн президенттеринин жубайлары Айгүл Токоева жана Эмине Эрдоган 2-сентябрда Улуттук китепканада Чыңгыз Айтматов атындагы маданият борборунун ачылышына катышкан.

Айгүл Токоева, бул борбор — эки элдин биримдигин бекемдөөгө, ынтымагын чыӊдоого данакер болот, деген ишеничин билдирди. Ал маданият очогунун түптөлүшүнө өз салымын кошкон «Тика» Түрк кызматташтык агенттигине ыраазычылыгын айткан.

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы «Рух Ордо» маданий борборунда 3- сентябрда Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгы кеңешинин (ТТМК) мамлекеттер башчыларынын жолугушуусунун расмий аземи болгон.

2018-жылдын 14-сентябрында Сооронбай Жээнбеков «Руханий Жибек жолу. Гумандуу улуу салттар жана учур чакырыктары» деген аталыштагы III эл аралык конференциясына катышууга келген Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Литва, Россия, Өзбекстан, Тажикстан жана Эстониянын башкы муфтийлери менен жолугушту.

2018-жылдын 26-сентябрында Кыргызстандын президенти АКШнын Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 73-сессиясынын жалпы дебаттарына катышты.

27-28-сентябрда Сооронбай Жээнбеков Душанбе шаарына иш сапары менен барган. Ал аталган шаарга КМШ өлкөлөрнүн мамлекет башчыларынын кеңешинин отурумуна катышуу үчүн барган.

3-октябрда Кыргызстандын президенти Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЕККУ ПА) күзгү отурумунун ачылышына катышып, сөз сүйлөдү.

Кыргыз Республикасынын Президенти Соронбай Жээнбеков 5-октябрда, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында «Чыңгыз Айтматов жана учурдун чакырыктары» эл аралык Ысык-Көл форумунун ачылыш аземине катышып сөз сүйлөгөн.

2018-жылдын 30-октябрында президент Сооронбай Жээнбеков Стамбул шаарында Түркия Республикасынын негизделгенин 95 жылдыгына арналган иш чараларга катышты.

Үстүбүздөгү жылдын 8-ноябрында Казакстандын Астана шаарына жумушчу сапары менен барып, Жаматтык Коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмунун мамлекет башчыларынын Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышты.

12-ноябрда президент Бишкекте Кыргызстан жаштарынын републикалык конгрессине катышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков 15-ноябрда «Ислам азыркы светтик мамлекетте» II эл аралык конференциясына катышып, сөз сүйлөдү.

Белгилей кетүүчү нерсе, 16-ноябрда Кыргызстандын президенти 60 жашка толду. Президентти РФнын президенти В.Путин, КЭРдин төрагасы Си Цзиньпин, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Тажикстандын президенти Э.Рахмон, Түркмөнстандын президенти Г.Бердымухамедов, Армениянын президенти А.Саркисян жана башкалар куттукташты.

“Кабар” маалымат агенттиги куттуктоолорго кошулуп, Жээнбеков Сооронбай Шариповичке ден соолук, жогорку жана жоопкерчиликтүү кызматында ийгиликтерди каалайт.

“Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий