• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган. Экс-министр Космосбек Чолпонбаев кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.09.20. /Кабар/. Мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев шалаакылык жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн шектелип кармалды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан (ЭККМК) кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ЭККМКда шалаакылык жана кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча шектелген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жооптуу адамдарына карата кылмыш иши козголду.

"Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчи адамдары өздөрүнүн кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып, ошондой эле элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө контракт түзүшкөндүгү аныкталды, ал мамлекеттик бюджетке 9 миллион сомго жакын суммада зыян келтирген. Ушул жылдын 15-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренесинде каралган кылмышты кылды деп шектелип, мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кармалды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий