• 88.68
  • 95
  • 0.95

"100 миң сом таап бересиң". Жалал-Абадда акча опузалагандар кармалды (видео)

Укук тартиби 0


Бишкек, 04.03.24. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда опузалап акча талап кылууга шектелип төрт жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө караганда, 27 жаштагы жаран милицияга арыз менен кайрылып, анда бейтааныш эки адам андан "100 миң сом таап берүүнү" талап кылышкандыгын билдирген. Окуя үстүбүздөгү жылдын 28-февралында саат 14:30 чамасында болгон.

Милиция шектүүлөрдү 29-февралда опузалап талап кылынган акчанын 15 миң сомун алып жатканда колго түшүргөн. Алар Жалал-Абад шаарынын тургундары экендиги аныкталды: 23 жаштагы Ю.Ф., 20 жаштагы А.А, И.В., жана 19 жаштагы И.И.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий