• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте кыргыз күрөшү боюнча өлкө чемпионаты өтөт

Спорт 0

Бишкек, 04.03.24. /Кабар/. Бишкекте кыргыз күрөшү боюнча эркектер жана кыз-келдиндер арасында Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Спорттук иш-чара 10-мартта Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүп, ага өлкө аймактарынан келген спортчулар катышат.

Жеңүүчүлөр диплом, медаль жана кубок менен сыйланышат.

Катышуучулар төмөнкү салмак ченинде күч сынашат:

  • эркектер арасында: 60, 66, 72, 78, 84, 90, 96, +96 кг;
  • кыз-келиндер арасында: 55, 60, 66, 74, 84, +84 кг.

Белгилей кетсек, аталган республикалык чемпионат Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий