• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Футболчу Айдана Оторбаева FIFPRO Hero сыйлыгына татыды

Спорт 0

Бишкек, 19.02.21. /Кабар/. Кыргызстандык футболчу Айдана Оторбаева FIFPRO Hero атайын сыйлыгына татыды. Бул тууралуу спортчу өзүнүн фейсбуктагы баракчасына билдирүү калтырган.

"Мен үчүн бул сыйлык өтө маанилүү. Ыктыярчылык ишмердүүлүгүм ушунчалык кубаныч алып келерин күткөн эмесмин. Сыйлыкты аванс катары кабыл алып жатам. Алдыда жакшылыктын жана тынчтыктын тарабында болууга ынтызармын. Ошондой эле өзгөчө ыраазычылыгымды "Сообща" кыймылынын ыктыярчыларына билдиргим келет", - деп жазган Оторбаева.

FIFPRO Hero – 1965-жылдан бери дүйнөнүн профессионал футболчулардын укуктарын жана мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий