• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Лондондогу теракттан жаракат алгандардын арасында КР жарандары жок –ТИМ

Коом 0

Бишкек, 23-март /Кабар/. Болжолдуу маалыматтар боюнча, Лондондогу теракттан жаракат алгандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, кечээ жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:40 тар чамасында Лондондун Вестминстер районунда көпүрөдөн өтүп бара жаткан туристтердин арасында барктуу болгон унаа тротуарга чыгып, бир канча адамды сүзгөн. Андан кийин парламент мекемесине чейин жеткен, ал жерде аны полиция кызматкерлери токтоткон. Кылмышкер полиция кызматкерин бычактаган, ал кийин ооруканада көз жумган. Террористти полициянын башка кызматкери аткан. Жыйынтыгында 4 адам каза болуп, 40 ка жакын адам жаракат алган.

Пикир

Оставить комментарий