• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Молдова ЕАЭБ байкоочусу статусун сурады

ЕАЭБ 0

Бишкек, 23-март /Кабар/. Молдавиянын президенти Игорь Додон ЕАЭБдин Жогорку евразиялык экономикалык кеңешинин учурдагы төрагасы Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин атына республикага Евразия экономикалык союзунун байкоочусу статусун берүү тууралуу суроо жиберди. Лента.ру агенттигинин маалыматы боюнча, Молдова президенти бул тууралуу өзүнүн Facebook баракчасына 22-мартта жарыялаган.

“Молдова республикасы Батыш менен, ошол эле учурда Чыгыш менен кызматташуусу керек. Бул өнөктөштүк биздин өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын көздөөгө тийиш”, - деп түшүндүрөт өз демилгесин Додон. Ал анын сунушу майдын этегинде караларын кошумчалаган.

3-апрелде Кишиневдо Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян катышкан эл аралык экономикалык форум өтөт. Январда молдовалык лидер Европа биримдиги менен ассоциация тууралуу келишимди жокко чыгаруу ниетин билдирген. Анын айтымында, Брюссель менен келишим Россиянын жана ЕБ рыногунда позицияларын жоготууга алып келген. ЕАЭБдин алкагында товарлардын, кызматтардын, капиталдардын жана жумушчу күчүнүн эркин кыймылы камсыздалат.

Кыргызстандын Президентинин Аппараты суроо алуу тууралуу эч кандай маалымат билдирген жок. 2014-жылы түзүлгөн ЕАЭБге Россия, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Армения кирет.

Пикир

Оставить комментарий