• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Лондондун метросунда жарылуу болду

Дүйнө 0

Бишкек, 15.09.17. /Кабар/. Лондондун метросунда жарылуу болгонун Sun гезити жазып чыкты.

Басылманын маалыматы боюнча, жарылуудан бир нече адамдын бети күйгөн. Окуя болгон жерге дарыгерлер, өрт өчүрүү кызматы жана полиция кызматкерлери келишкен.

Күбөлөрдүн айтымына караганда, вагондун ичиндеги контейнердин бири жарылып кеткен.

Полиция кызматы жарылууну тууралуу маалыматты тастыктады, бирок окуя жөнүндө толук маалымат жок.

““Парсон-Грин" метросунун станциясында болгон жарылуу тууралуу маалыматыбыз бар. Кызматкерлер окуя болгон жерде”,-деп жазылат Лондон полициясынын Twitter баракчасында.

Булак: РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий