• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Лукойл» Өзбекстанга 2 миллиард доллар инвестиция салат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 26.04.19 /Кабар/. Россиялык «Лукойл» компаниясы учурда иштеп жаткан долбоорлорду өнүктүрүү үчүн дагы 2 миллиард доллар инвестиция салат. Бул тууралуу «Лукойлдун» президенти Вагит Алекперов 25-апрелде компаниянын директорлор кеңешинин Бухарада өткөн көчмө жыйынында билдирди.

Инвестиция Гиссар, Кандым мунайгаз кендериндеги чалгындоо иштерине жумшалат.

Маалыматтарга караганда, 15 жыл аралыгында «Лукойл» Өзбекстанга 8 миллиард доллар инвестиция бөлгөн.

Өзбекстан «Лукойл» компаниясына газ жеткирүү үчүн 2018-жылы 600 миллион доллар карыз болуп калганы кабарланган.

Компания 2020-жылга карата Өзбекстанда 18 миллиард куб метр газ казып алууну пландоодо.

Пикир

Оставить комментарий