• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өмүр бою эркинен ажыратуу кайсы кылмыштар үчүн берилээри айтылды

Коом 0

Бишкек, 16.01.19. /Кабар/. КРнын Кылмыш кодексинин алкагында өмүр бою эркинен ажыратуу кайсы кылмыштар үчүн берилээри тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Башкы прокуратуранын өкүлдөрү айтып беришти.

Жазык жана жарандык сот өндүрүшү башкармалыгынын прокурору Азизбек Шүкүрбековдун айтуусунда, өмүр боюу эркинен ажыратуу өзүнчө оор кылмыштар үчүн берилет.

Алар: өзгөчө оор кырдаалда адам өлтүрүү, орлотулган кырдаалда жашы жете электерди зордуктоо (эгер жашы жете элек адамдын ден соолугуна оор залака тийгизилсе), жаш балдарга карата зордук-зомбулук, терроризм, тынчтык жана адамзатына каршы кылмыштар.

“Бирок өмүр боюу эркинен ажыратуу 18 жашка чыга электерге, аялдарга жана 60 жаштагы жана андан улуу адамдарга берилбейт”, - дейт Шүкүрбеков

Эскерте кетсек, жаңы мыйзам боюнча эгер адам 5 жылга соттоло турган кылмыш кылса, бул майда кылмыштар кодексине кирет. Демек, ал адамга тек гана айып жана коомдук иштер санкциялары колдонулат.

Пикир

Оставить комментарий