• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жаңы жылдын алдында Бишкек мэриясы "103" кызматына 8 тез жардам унаасын белек кылды

Коом 0

Бишкек, 31.12.19. /Кабар/. Жаңы жылдын алдында Бишкек мэриясы "103" кызматына 8 тез жардам унаасын белек кылды. Унаалардын ачкычын мэрдин орун басары Татьяна Кузнецова тапшырганын шаардык мэриядан билдиришти.

Тез жардам унааларын сатып алууга шаардык бюджеттен 10 миллион 980 миң сом бөлүнгөн.

Унаалардын алтоосу керектүү медициналык-диагностикалык жабдуулар менен жабдылган. Алар россиялык "Lada" компаниясынын унаалары. Ал эми калган 2 унаа сүт азыктарын ташууга ылайыкталган.

"Учурда шаар тургундарын 46 тез жардам унаасы тейлейт. Шаардын социалдык-экономикалык өнүгүү планы боюнча тез жардам унаанын саны 100гө жеткенге чейин жыл сайын 7-8 унаа сатылып алынат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий