• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Бурулайдын иши: Айыпталган милиционерлерге өкүм чыкты, болгону штраф төлөйт

Коом 0

Бишкек. 09.04.19 /Кабар/. Аламүдүн райондук соту курман болгон 20 жаштагы Бурулай Турдалы кызынын өлүмү боюнча ишти карап, айыпталган милиция кызматкерлерине карата өкүм чыгарды.

Бул иш боюнча Жайыл райондук милициясынын беш кызматкери – Мирлан Макеев, Эржан Кадышев, Ильич Иманалиев, Замир Байтереков жана Замир Айткожоев – кетирген шалаакалыктан улам Бурулай каза болгон деп айыпталышкан.

Соттун чечимине ылайык, Айткожоев менен Байтерековго байланыштуу кылмыш иши токтотулду. Сот жабырлануучу тараптын бул эки кызматкерге карата жазылган тосмо арызын канааттандырды.

Ал эми Иманалиев, Кадышев жана Макеев буга чейин соттолбогондуктан жана кызматын эске алды.

Сот алардын ар бирин 260 миң сом айып пул төлөөгө, мындан тышкары Бурулайдын ата-энесине 100 миң сом моралдык чыгым төлөп берүүгө милдеттендирди.

Буга чейин жарыш сөз учурунда прокурор беш милиция кызматкерин тең 5 жылга эркинен ажыратууну сураган.

Эске салсак, 2018-жылдын 27-майында Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн имаратында 20 жаштагы Бурулай Турдалы кызы өлтүрүлгөн. Анын өлүмүнө кызды үйлөнүү максатында ала качкан Марс Бөдөшов күнөөлөнүүдө. Ал милициянын кабыл алуу бөлүмүндө кызга бычак сайган соң, өзүн да жарадар кылган.

Бул иш боюнча негизги айыпталуучу Марс Бөдөшевди Бурулайдын өлүмүнө күнөөлүү деп таап, 20 жылга күчөтүлгөн режимде камакка алуу өкүмүн чыгарган. Анын досу Акмат Сейитов "Ала качуу" беренеси менен 7 жылга эркинен ажыратылган.

Пикир

Оставить комментарий