• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте көмүрдү кайдан сатып алса болот? Даректери жана баалары

Коом 0

Бишкек, 04.12.23. /Кабар/. Бишкек мэриясы калаадагы көмүр саткан түйүндөрдүн даректерин жана коюлган баалар тууралуу айтып берди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Ленин району боюнча калкка көмүр төмөндөгү отун базаларынан сатылат:

  • Мурманск көчөсү, 126 дарегиндеги көмүр базасында «Кара-Кече» көмүрүнүн тоннасы 4700 сом;
  • Мурманск көчөсү, 45/2 дарегинде (мурдагы «Торг-Синтез» ЖЧКсы) «Кара-Жыра» көмүрүнүн тоннасы 6000 сом;
  • «Береке» ЖЧКсы, Мурманск көчөсү 122, 122а дарегинде «Кара-Кече» көмүрүнүн тоннасы 5000-6500 сомдон;
  • «Беш Сары» ЖЧКсы, Мурманск көчөсү 1Б дарегинде «Кара-Кече» көмүрүнүн тоннасы 5500 сом;
  • Дэн Сяопин проспектиси, 306а дарегиндеги КР Коргоо министрлигинин көмүр базасында «Кара-Кече» көмүрүнүн тоннасы 4700 сом;
  • ЖИ "Болотбеков", Дэн Сяопин проспектиси, 308/4 дарегинде “Кара-Кече” көмүрүнүн тоннасы 5500 сом;
  • «Золотая корпорация» ЖЧКсы, Мурманск 1Б дарегинде, кире бериши түштүк тараптан. «Шабыркүл» көмүрүнүн тоннасы 6000 сом;
  • Жеке ишкер «Абиев Нурлан», Алыкулов көчөсү, 6б дарегинде «Кара-Кече» көмүрүнүн тоннасы 4700 сом.

Биринчи май районунда Кара-Кече көмүрү төмөнкү даректерде сатылат:

  • Ак-Босого конушу, Профессор Зима 156а дарегинд 1 кап көмүрдүн баасы 220 сом, бир тонна көмүр 6000 сом, Чүй 23 көчөсү, 43 үйүндө 1 кап 230 сом;
  • Щербаков көчөсү 121 дарегинде 1 кап көмүр 200 сом;
  • Махатма Ганди жана Жапаров көчөлөрүнүн кесилишинде 1 кап көмүр 210 сом жана тоннасы 6000 сомдон, ошондой эле тандалган көмүрдүн тоннасына 7000 сомдон;
  • Алтын-Бешик конушундагы Алтын-Бешик жана Мидин көчөлөрүнүн кесилишинде 1 кап көмүрдүн баасы 250 сомдон, тоннасы 6000 сомдон сатылууда;
  • Дэн Сяопин пр., 531 дарегинде 1 мүшөк көмүр 280 сомдон;
  • Тынчтык» конушу 12-көчөсү, 19-үйдө бир кап көмүр 250 сомдон;
  • Месарош көчөсү, 96 дарегинде 1 кап көмүр 240 сомдон сатылууда;
  • Калыс Ордо конушу, 106-көчөсү, 1-үйдө 1 кап көмүр 250 сомдон.

Ошол эле учурда кышка жакын 15-20дай стационардык пункттар ачылат.

Свердлов районунда көмүр төмөнкү жерлерде сатылат:

  • Достоевский көчөсү №1, «Шабыркүл» тоннасы 6200 сом;
  • айланма жолдун боюндагы «Келечек» конушунда “Кара-Кече” көмүрүнүн тоннасы 5800-6000 сом.

Октябрь районунда көмүр төмөнкү жерлерде сатылат:

  • «Глобал Азия Пропертиз» ЖЧКсы «Төкөлдөш» конушу, «Аламүдүн» станциясында Казакстандын Кара-Жыра көмүрүнүн 1 тоннасынын баасы 6200 сом;
  • Кара-Жыгач конушу Л.Толстой көчөсүндө «Кара-Кече» көмүрүнүн тоннасы 4700 сом;
  • Рухий-Мурас конушу Бейшеналиева көчөсү - Рухий Мурас 2 көчөсү, “Кара-Кече” көмүрүнүн тоннасы 6000 сомдон.

Пикир

Оставить комментарий