• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түркиянын Кыргызстандагы жаңы элчиси дайындалды

Саясат 0

Бишкек, 13.04.21. /Кабар/. 2021-жылдын 12-апрелинде КРнын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Кыргыз Республикасындагы жаңы дайындалган элчиси Ахмет Садык Доган менен жолугушту.

Түркиядагы элчиликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун соңунда элчи Өмүралиев кесиптешин кызматка дайындалышы менен куттуктап, жаңы кызматында мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий