• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өмүрбекова: Биздин милдет - бардык мектептерде ысык тамак берүү үчүн шарттарды түзүү

Өкмөт 0

Бишкек, 06.02.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасындагы мектептердеги тамактанууну жакшыртуу боюнча кеңешме өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө мектептерде тамактанууну жакшыртуу, мектептердин ашканаларын байытылган ун менен камсыздоо, жалпы билим берүү мекемелеринде тамак берүүнүн сапатын жакшыртуунун мындан аркы чаралары, ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү, 2022-жылга чейин Кыргыз Республикасындагы мектептердеги тамактанууну жакшыртуу оптимизациялоо боюнча Жол картасын кабыл алуу жана мектептерди ысык тамак менен камтууну кеңейтүү маселелери каралды.

Ашканалардагы антисанитария, окуучулардын тамак рационунда жашоого керектүү азык-түлүктөрдүн жоктугуна, пайдаланууга болбогон азык-түлүк продуктуларын колдонууга, продуктулардын сапаты боюнча документтин жоктугуна карата коомчулук тарабынан көп кездеше баштаган даттанууларга байланыштуу Бишкек шаарынын мектептеринде окуучуларды тамактандыруунун сапатына өзгөчө көңүл бурулду.

«Мектептердеги тамактантануунун уюштуруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 2002-жылы кабыл алынган, тагыраагы 17 жыл мурда. Белгилей кетсек, Мыйзамдын айрым ченемдери актуалдуулугун жоготту. Буга байланыштуу бул Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору иштелип чыккан., мында жаңы түшүнүктөр киргизилип, тамактануу чени аныкталган жана окуучуларга ысык тамак берүүдө милдеттүү түрдө энергетикалык жана азыктуулук баалуулуктарды сактоого басым жасалууда», - деди ал.

Алтынай Өмүрбекова кошумчалагандай, мектеп тамак-ашын жакшыртуу максатында БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен биргеликте 2013-жылдын мартынан 2018-жылдын декабрына чейин республиканын 505 пилоттук мектебинде 2,2 млн АКШ долларынан ашык суммага заманбап технологиялык жана муздаткыч жабдуулары,1,15 млн АКШ долларынан ашык суммага 1,772 тонна байытылган ун жеткирилген.

Мындан тышкары вице-премьер-министр баса белгилегендей, «Мерсико» эл аралык уюму менен биргеликте 155 мектепке заманбап технологиялык жана муздаткыч жабдуулары, ошондой эле 390 тонна азык-түлүк продуктусу жеткирип берилген.

Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын колдоосунда өлкөнүн мектептеринде ашкана кызматкерлери ашпозчулар үчүн колдонмолорду, меню түзүү боюнча технологиялык карталарды жана 100дөн ашык тамактын рецепти жайылтылган.

Бул иштер 2022-жылга чейин донорлор менен кол коюлган Меморандумдардын алкагында улантылмакчы.

«Ошентип бүгүнкү күнү жогоруда аталган донорлордун техникалык жардамы, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана ата-энелердин күчү менен республиканын 2262 жалпы билим берүү мекемелеринин ичинен 1372 мектепте 1-4-класстын окуучулары үчүн ысык тамак уюштурулган. Биздин милдет - бардык мектептерде ысык тамак берүү үчүн шарттарды түзүү»,- деп баса белгиледи вице-премьер-министр.

Мындан тышкары, кеңешмеде ар түрдүү багыттардагы мектеп алдындагы чарбалардын ишмердиги сунушталды, алар балдарга тамак берүүнү жакшыртуу максатында түзүлгөн. Вице-премьер-министр белгилегендей, 65% мектептерде мектеп алдындагы чарбалар түзүлгөн жана алардын ишмердигинин мыйзамдуулугу мектеп тамак-ашынын сапатын жакшыртууда өзгөчө маанигее ээ.

Ошондой эле кеңешмеде мурда берилген тапшырмаларга ылайык, Кыргыз Республикасынын 2019-2029-жылдарга Мектептердеги тамактануу сапатын өркүндөтүү боюнча мамлекеттик программанын жана аны ишке ашыруу боюнча Пландын долбоорлорунун бет ачары тартууланды.

Белгиленгендей, аталган программанын максаты мамлекеттик жалпы билим берүү жана муниципалдык уюмдардын базасында туура тамактануунун көндүмдөрүн калыптандыруу жана нукура, толук кандуу, балансташтырылган тамактандыруу аркылуу улут саламаттыгын чыңдоо ишине инвестициялоо болуп саналат.

Аталган мамлекеттик программанын долбоорунун негизги 5 багытын белгилесек болот:

- окуучулардын рационалдык тамактануусун уюштуруу, анын ичинде, ченемдик-укуктук негиздемелер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;

- билим берүү мекемелеринин тамак-аш блогунун имараттарынын материалдык базасын чыңдоо жана модернизациялоо;

- тамактануу маданиятын жогорулатуу;

- тамак-аштын санитардык-гигиеналык коопсуздугун камсыздоо;

- окуучулардын жана ата-энелердин арасында ысык тамак берүү зарылдыгы жөнүндө үзгүлтүксүз түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

Жыйынтыгында вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова төмөнкүлөрдү тапшырды:

- мамлекеттик органдарга бир жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын мектептеринде тамактануу сапатын өркүндөтүү боюнча мамлекеттик программанын долбоору боюнча сын-пикирлерди киргизүүсү;

- Билим берүү жана илим министрлиги Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте балдар тамактануусу боюнча билим берүү базасын жана мектептик тамактануу тармагындагы кызматкерлерди окутуунун бирдиктүү билим берүү программасын түзүүсү;

- тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарга билим берүү уюмдарында тамак берүүнү уюштурууда өндүрүштүк эрежелерди жана жеке гигиена менен санитардык ченемдерди кынтыксыз сактоого көзөмөл жүргүзүү;

- ведомстволор аралык жумушчу топко билим берүү уюмдарында ысык тамак берүүнү уюштуруу абалын талдоо иштерин улантуу.

Пикир

Оставить комментарий