• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өмүрбекова менен Мишель Бачелет гендердик теңчиликтеги жетишкендиктерди талкуулашты

Өкмөт 0

Бишкек, 31.10.19. /Кабар/. Женева шаарында (Швейцария Конфедерациясы) иш сапар менен жүргөн Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова БУУнун адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Мишель Бачелет менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Жолугушууда тараптар Кыргыз Республикасы менен БУУнун адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Башкармалыгынын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Жогорку Комиссар Мишель Бачелетке Аракеттердин Пекин платформасын жүзөгө ашырууга, гендердик теңчиликтеги жетишкендиктерге, бүткүл дүйнө жүзүндөгү аялдардын жана кыздардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейишине байланыштуу прогресске саресеп салуу жана маселелерди баалоо үчүн уюштурулган «Пекин+25ке» саресеп салуу боюнча Аймактык кеңешмеге теңтөрага катары катышуусу тууралуу айтып берди.

Ал Жогорку Комиссар Мишель Бачелетке Аракеттердин Пекин платформасынын алкагындагы милдеттерди жүзөгө ашыруу максатында Өкмөт тараптан жасалып жаткан ырааттуу иштер, ошондой эле гендердик теңчиликти алдыга жылдыруу жана өлкөдөгү аялдар менен кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган гендердик маселеге байланыштуу мыйзамдарды түзүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекет тараптан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берди.

«Биздин республика адам укугун коргоого байланыштуу иштерди өнүктүрүү жана жайылтуу боюнча жумуштарды үзгүлтүксүз жүргүзүп жатканын баса белгилегим келет. Аталган багытта бизге жарандык активисттер жана массалык маалымат каражаттары чоң жардам берүүдө. Мамлект менен жарандык коомдун уюшкан иштеринин натыйжасында, Кыргыз Республикасы жарандыгы жок адамдардын маселесин чечип бүткөн дүйнөдөгү биринчи өлкө болду. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү БУУнун адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Башкармалыгынын мандаттарды уюштуруунун алкагында өлкөдөгү ар кыл программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруу чөйрөсүндөгү ишмердүүлүгүн жогору бааларын белгилегим келет», - деди Алтынай Өмүрбекова.

Өз кезегинде Жогорку комиссар кыргыз тараптын адам укуктарын коргоону жайылтуу маселесиндеги аракетин жогору баалап, мүмкүнчүлүгү чектелгендердин укугун коргоо жөнүндөгү Конвенцияны биздин өлкө ратификациялаганына ыраазычылык билдирди, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун деңгээли дурус экенин белгиледи.

Мишель Бачелет Алтынай Өмүрбековага натыйжалуу жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирип, мамлекеттин алдында турган маселелерди чечүү максатында кызматташууну улантууга даярдыгын ырастады.

Пикир

Оставить комментарий