• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өмүрбекова музей ишин өнүктүрүү боюнча кеңешме өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 05.06.19. /Кабар/. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасында музей ишин өнүктүрүү боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасында музей ишин өнүктүрүү маселеси талкууланып, Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинин, Кыргыз Республикасынын М.В.Фрунзе атындагы мамлекеттик мемориалдык Үй музейинин ишмердиги тууралуу маалымат угулду.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова өз сөзүндө белгилегендей, республиканын заманбап музейлери – маданий мурастын сактоочусу, илимий билим берүү борбору, маданий жана интеллектуалдык эс алуу жайы болуп саналат.

«Кыргызстандын музейлери жарандарды руханий-адептик өнүктүрүүгө, тарыхый-маданий мурастарды жана жаратылыш байлыктарын аяр сактоого, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, өлкөнүн имиджин жана туристтик жагымдуулугун бекемдөөгө умтулушат. Музейлердин иши бир орунда турбашы керек. Заманбап музей ийкемдүү, мобилдүү болуп, илимий-техникалык өнүгүүнүн жаңы жетишкендиктерин камтып, илимдин, искусствонун, бизнестин жана маданияттын өнүгүп жаткан тармагы болуп, коомдун суроо-талабына жооп берүүгө тийиш», – деп белгиледи ал.

Ошондой эле жолугушуунун катышуучулары заманбап музейлерди өнүктүрүү маселелерин талкуулашып, 2023-жылга чейин Кыргыз Республикасында Музей ишмердүүлүгүн өнүктүрүү Концециясынын долбоору менен таанышышты.

Кыргыз Республикасында Музей ишмердүүлүгүн өнүктүрүү Концециясынын долбоору өлкө музейлерин өнүктүрүү жана модернизациялоо максатында түзүлгөн, бул музейдик коллекцияны тынымсыз толтуруп турууну, сактоо жана реставрациялоо шарттарын кардиналдуу жакшыртууну, маалыматтык технологияларды киргизүү, көргөзмө-экспозициялык, илимий-агартуучулук ишмердүүлүгүнүн деңгээлин сапаттык жактан көтөрүүнү, көрсөтүлүүчү музейдик кызмат көрсөтүүлөрдү кеңейтүүнү камтыйт.

Белгилей кетсек, кеңешменин жүрүшүндө Алтынай Өмүрбекова экспонаттарды уурдоого, уруксатсыз ташууга жана бузууга жол бербөөгө, руханий-адептик баалуулуктардын жана тарыхый салттардын негизинде Кыргызстандын бирдиктүү маданий мейкиндигин бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурду.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча вице-премьер-министр тиешелүү органдарга Кыргыз Республикасында музей ишин өнүктүрүү Концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгууну, ар бир музейдик предмит тууралуу мамлекеттик стандарттык жазуулардын негизиндеги мамлекеттик бирдиктүү маалымат базасы катары Кыргыз Республикасынын Музей фондунун Мамлекеттик каталогун түзүүнү тездетүүнү тапшырды. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине музей кызматкерлеринин эмгек шарттарын жакшыртуу, ошондой эле даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча сунуштарды киргизүүнү тапшырды.

Маалымдама: 2019-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караган мамлекеттик музейлердин саны – 58.

Аймактар боюнча бөлүнүшү төмөнкүдөй: Чүй облусу -8; Ысык-Көл облусу – 9; Нарын облусу – 4; Талас облусу – 4; Ош облусу – 7; Жалал-Абад облусу – 9; Баткен облусу - 5; Бишкек шаары – 12.

Пикир

Оставить комментарий