• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өмүрбекова: Зомбулуктун бардык түрү – бул оор кылмыш. Биз андай көрүнүшкө каршыбыз

Өкмөт 0

Бишкек, 07.12.19. /Кабар/. Бүгүн, 7-декабрь күнү вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк кампаниянын алкагында өткөн «Биздин муун теңдик үчүн» кайрымдуулук жарышына катышты. Анда ал, жарандарды "Биз зордук-зомбулуктун бардык түрүнө каршыбыз" деген ураанды колдоого чакырды.

«Биз баарыбыз зордук-зомбулуктун бардык түрү – бул кылмыш экенин түшүнүүбүз керек. Ошондуктан мен жарандарды кылмыштын мындай түрү менен биргелешип күрөшүүгө чакырам. Үй-бүлөдөгү жана гендердик зордук-зомбулукка коомчулук жол бербей турганын көрсөтүү, биздин жарандарга зомбулуктун бардык түрү тууралуу түшүнүк жана маалымат берүү зарыл. Ар бирибиз сүйүү, ынтымак жана теңдик бар үй-бүлөдө гана ийгиликтер болорун билишибиз керек. Үлгүлүү үй-бүлө – бул ийгиликтүү жана динамикалуу түрдо өнүгүп жаткан мамлекет», - деди Өмүрбекова.

Өмүрбекова бүткүл дүйнө жүзүндө өтүп жаткан «зомбулукка каршы 16 күн» акциясы аялдарга жана кыздарга карата жасалган зордук-зомбулукту түп тамырынан жок кылуу үчүн өкмөттүн, башынан зордук-зомбулукту өткөргөндөрдүн, активисттердин жана коомчулуктун аракетин бириктирерин айтып өттү.

«Биз үчүн зомбулукка каршы күрөшүү актуалдуу маселелерден болуп саналат. Ушул жылдын он айында эле үй-бүлөдөгү зомбулуктун 5 миң 185 учуру катталды. Республиканын ички иштер органдары тарабынан бардык фактылар боюнча коргоо ордери берилген. Эрте никеге туруу, иш ордунда сексуалдык ыдык көрсөтүү, эмгек жана сексуалдык эксплуатациялоо максатында аялдарды сатуу фактылары да болууда. Ала качуу мыйзам боюнча кылмыш деп саналат. Бирок укук коргоо органдары жана эл буга кош көңүл мамиле кылганы өкүндүрөт. Тилекке каршы, эмне «жаман», эмне «жакшы» экенин бардыгы биле бербейт. Биз кыйынчылыктарга карабастан, элдин аң-сезимин жакшы жагына өзгөртүү үчүн бардык чараларды көрүүдөбүз», - деди вице-премьер-министр.

Кыргыз Республикасы аялдарды басмырлоого каршы күрөшүү боюнча ар кандай Конвенциялардын катышуучусу катары, КМШ аймагындагы өлкөлөрдүн ичинен биринчилерден болуп, «Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө» мыйзам кабыл алган.

«Мындан тышкары 2020-жылдарга чейин гендердик теңчиликке жетүү боюнча КР Улуттук стратегиясы мамлекеттик гендердик саясаттын артыкчылыктарын аныктайт. Биз баарыбыз үй-бүлөдөгү зомбулук кооптуу жана адам чыдагыс көрүнүш экенин түшүнүшүбүз керек. Аны менен тиешелүү мамлекеттик органдар гана эмес, жергеликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана барынан биринчи коомчулук өзү күрөшүүсү керек. Бүгүнкү акция зомбулуктун бардык түрүнө каршы күрөшүүгө ачык мисал болушу шарт. Бул күрөштө биргелешкен аракет менен гана маанилүү жыйынтыктарга жетише алабыз», - деди ал.

Маалымдама: Адам укуктарынын Эл аралык күнүнө карата 10-декабрга чейин өтө турган «зордук-зомбулуксуз 16 күн» акциясы өтүүдө. Ал 25-ноябрда башталган.

Пикир

Оставить комментарий