• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Маданият министри: Дүйнөлүк аянтчада популярдуу болгон чыгармалар кыргыз тилинде басылып чыгат

Коом 0

Бишкек, 12.08.20. /Кабар/. Быйыл Маданият министрлигине кыргыз тилин өнүктүрүү Программасынын алкагында 16 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул каражат кыргыз тилиндеги китептерди чыгарууга сарпталат. “Быйыл дүйнөлүк классика, кыргыз авторлорунун чыгармаларын кыргыз тилинде басып чыгарууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Китептер сентябрь айынан тарта чыгарыла баштайт. Алар райондук, айылдык, шаардык китепканаларга таркатылат”, - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий