• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Маданият министри Жаманкулов Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдырали менен жолугушту

Маданият 0

Бишкек, 03.03.20. /Кабар/. Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Түрк академиясынын президенти Дархан Кыдырали менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушууга Түрк академиясынын өкүлү, профессор Кадыралы Конкобаев жана “Сулайман Тоо” тарыхый археологиялык музейинин директору Султан Абдрахманов да катышты.

"Жолугушууда маданий алакалар, анын ичинде, Ош шаарындагы “Сулайман Тоо” тарыхый археологиялык музей-комплексинин Бириккен Улуттар Уюмунун Билим, Илим жана Маданият боюнча мекемесинин (ЮНЕСКО) тизмесине киргендигинин 10 жылдыгына жана комплекстин түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгына карата музейдеги экспонаттарды сүрөткө түшүрүп, түстүү атлас китеп чыгаруу демилгеси талкууланды", - деп айтылат маалыматта.

Андан тышкары, 2020- жыл ичинде Кыргызстанда казак жазма адабиятына негиз салган улуу акын, ойчул, агартуучу жана коомдук ишмер “Абай Кунанбаевдин күндөрүн” өткөрүү тууралуу талкууланып, жакынкы убакытта аны өткөрүүнүн форматы жана толук программасы эки тараптуу макулдашуу керек экендиги айтылды.

Пикир

Оставить комментарий