• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Министрлик жана мекемелер Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин колдоого алды

Жеңишке 75 0

Бишкек, 03.03.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана мекемелери 1941-1945-жылдагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин социалдык жактан колдоо жана алардын жашоо шарттарын жакшыртуу үчүн туруктуу негизде иш алып баруу боюнча милдеттенмелерди алышты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Бул иштер Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуу Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө» Жарлыгын аткаруу үчүн, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин социалдык абалын жакшыртуу, ошондой эле согуштун ардагерлеринин маселелерин чечүүгө мамлекеттик органдардын көңүл буруусу боюнча чараларды кабыл алуу максатында жасалууда.

Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору ардагерлерге туруктуу негизде социалдык жана финансылык жардам көрсөтүшүп, алардын жашоо шарттарын жакшыртууга аракеттешет.

Пикир

Оставить комментарий