• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Маданият-Жалал-Абад жолунун 12 чакырымына асфальт төшөлдү

Аймак 0

Бишкек, 28.10.20. /Кабар/. Маданият-Жалал-Абад жолунун 12 чакырымына асфальт төшөлдү. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган жолдун быйылкы жылга карата белгиленген Сузак жана Базар-Коргон райондорунун аралыгындагы 20 чакырым жолго асфальт төшөлөт. Азыркы учурда анын 12 чакырымында жумуш аяктады.

Иш ыргагы менен өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев барып таанышты. Ал мында аткаруучу компаниянын өкүлдөрүнө казылган жол ары-бери каттагандарга тоскоолдук жаратып жаткандыктан, мөөнөтүндө жана сапаттуу бүткөрүү керектигин белгиледи.

Белгилей кетсек, жол оңдоого Евразия реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы 60 млн доллар каражат бөлгөн. Анын тендердик наркы 51,6 млн доллар деп бааланып, жумушту азербайжандык «Азвирт» компаниясы аткарууда.

Пикир

Оставить комментарий