• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Ош шаарынын бренди Москвада өткөн эл аралык сынакта жеңүүчү болду

Аймак 0

Бишкек, 16.09.22./Кабар/. Москва шаарында "Евразиялык саякат индустриясы адистеринин шериктештиги" биримдиги туризм чөйрөсүндөгү "PROБренд-2022" төртүнчү Эл аралык маркетинг сынагынын жыйынтыгы боюнча сыйлык тапшыруу аземин өткөрдү.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, эксперттик кеңеш "Брендинг территорий" номинациясында Ош шаарынын брендин (Ош - Улуу Жибек Жолунун Провайдери) жеңүүчү деп аныктап, 1-орунга ээ болду.

Эскерте кетсек, Ош шаарынын бренди мэр Алмаз Мамбетовдун демилгеси менен 2021-жылы иштелип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий