• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарынын 79% кожолугу санариптик теле берүүгө кошулду – Ош мэриясы

Аймак 0

Бишкек, 6-апрель /Кабар/. 5-апрелде Ош шаарынын мэриясынын чоң жыйындар залында санариптик теле берүүгө өтүү боюнча жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Ага КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин орун басары Айнура Темирбекова, вице-мэр Н.Кадыров, шаардагы бардык мекеме ишканалардын, ММКнын жетекчилери, аймактык кеңештердин төрагалары катышты.

Вице-мэр учурда, Ош шаарынын мэриясы тарабынан шаар тургандарына санариптик телерадио берүүгө өтүү программасы ар бир аймактык Кеңештерде жана шаардагы мекеме-ишканаларда бекитилген график боюнча жеткирилип жаткандыгын билдирип, кенен маалымат берди.

-“Ош шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасында санариптик телерадио берүүгө өтүү программасын ишке ашыруу алкагында Өкмөттүн протоколдук тапшырмаларын аткаруу боюнча Ош шаарынын 13 Аймактык Кеңештерине жана шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилерине ташырмалар берилген.

Анын алкагында, мэриянын иш-чарасы, шаардагы мекеме-ишканаларда атайын жыйындарды өткөрүү графиги бекитилип, шаар калкы арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча жумушчу топтун курамы бекитилген. Жумушчу топтун жүргүзгөн мониторингинин негизинде, учурда Ош шаарынын аймагындагы жашоочулар сапаттуу санариптик DVB-T2 стандартындагы төмөндөгү телеберүүлөр менен толук камсыздалды.

Атап айтсак, социалдык пакет 14 ТВ программа:Ынтымак, Пирамида, Ош-ТВ, Маданият, Муз-ТВ, КТР, Баластан, 5-канал, КТРК Спорт, Ала-Тоо24, ЭлТР, Илим-Билим, 7-канал;

Жумушчу топ тарабынан 2017-жылдын 3-апрелине карата Ош шаарында жайгашкан турак жай үйлөрүнө, көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлерге, мекеме-ишканалардын административдик имараттарына, жүргүнчүлөрдү ташуучу коомдук автоунааларга 45 000 А-4 жана 6610 А-3 форматтарындагы маалымат баракчалар таркатылды.

Учурда, Ош шаарынын мэриясы тарабынан шаар тургандарына санариптик телерадио берүүгө өтүү программасы ар бир аймактык Кеңештерде жана шаардагы мекеме-ишканаларда бекитилген график боюнча жеткирилип жатат.

Шаар калкы арасында профилактикалык-түшүндүрүү иштери алкагында “ОшТВ”жана “ЭлТР” теле-каналдарында түз эфир уюштурулуп, мэриянын жумушчу тобу жана Радиорелейлик станциялардын Түштүк башкармалыгынын адистери, жергиликтүү жарандардын суроолоруна жооп беришти.Шаардын борбордук аянтында, Ош соода-экономикалык колледжинде жаштар Комитети тарабынан Ош шаарынын жаштары “Санариптик телеберүүнү колдойбуз” аттуу флеш-моб уюштурду, шаардык “ЫнтымакТВ” теле-каналында санариптик телеберүүнү кантип уюштуруу жана ресиверлерди шаардын соода түйүндөрүндө сатылышы тууралуу телекөрсөтүү уюштурулду,санариптик телерадио берүүгө өтүү боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан даярдалган видео роликтер“ОшТВ” теле-каналында көрсөтүлүүсү уюштурулду.

Акыркы жүргүзүлгөн мониториңге ылайык, учурда Ош шаарынын 13 аймактык Кеңештеринин аймагында үй чарбаларынын саны 76 910ду, ал эми жашап жаткан калктын саны 307 714түзөт, ресиверлердин камсыздалышы 60 758 же болбосо шаар калкы 79% санариптик DVB-T2 стандартындагы телеберүүлөр менен толук камсыздалды. Калган 21% Ош шаарына келип жашап жатышкан жаңы конуштардагы жарандар жана аз камсыз болгон аярлуу үй-бүлөлөр түзөт. Белгилеп кетүүчү нерсе, Өкмөттүн санариптик телерадио берүүгө өтүү программасы Ош шаарынын мэриясы тарабынан маалыматтык коопсуздук таризде каралып, ушул жаатта шаардыктар арасында жана коомчулукта социалдык нараазычылыктын алдын алуу жана болтурбоо маселеси негизги милдет катары каралып келет”,-деди Н.Кадыров.

Пикир

Оставить комментарий