• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында Чернобыль кырсыгынын курмандыктары эскерилди

Аймак 0

Бишкек, 26.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 26-апрелде Жалал-Абад шаарындагы “Жеңиш” эс алуу багында Чернобыль кырсыгынын курмандыктары эскерилди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага шаардын вице-мэри Гүлбарчын Таштанбекова, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, апааттын кесепетин жоюуга катышкандар, каза болгондордун жакындары жана мекеме-ишканалардын жамааттары катышты.

Иш-чарада эстеликке гүл коюлуп, курман болгондорго багышталып куран окулду.

Белгилей кетсек, 1986-жылы Украинадагы Чернобыль атомдук электр станциясында болгон жарылуунун кесепеттерин жоюуга Жалал-Абад шаарынан 120 адам катышкан. Учурда калаада алардын 19у гана жашайт. Ал эми 5 Чернобыль кырсыгынын катышуучусу тилеке каршы көз жумган. Калгандары ар кандай себептер менен шаардан башка аймактарга көчүп кеткен.

Пикир

Оставить комментарий