• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Маданият жана искусство жаатындагы кошумча профессионалдык билим берүүнүн стандарты иштелип чыкты

Коом 0

Бишкеук, 29.12.20. /Кабар/. 28-декабрда Кыргыз Республикасынын маданият жана искусство жаатындагы кошумча профессионалдык билим берүүнүн Мамлекеттик стандартынын бет ачары болуп өттү. Ага маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков, Бишкек шаардык мэриясынын маданият башкармалыгы, чыгармачыл билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, профессорлор, маданияттын жана искусствонун көрүнүктүү ишмерлери, методисттер, адистер, борбордогу балдар искусство мектептеринин тажрыйбалуу мугалимдери катышты.

Маданият министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, маданиятты өркүндөтүүдө, чыгармачыл кадрларды даярдоодо кошумча кесипке чейинки билим берүүчү балдар уюмдарынын ролу негизгилерден болуп саналат.

Мындан улам, Кыргыз Республикасынын маданият жана искусство жаатындагы кошумча профессионалдык билим берүүчү балдар уюмдарында балдар музыкалык мектеби, балдар искусство жана балдар мектеби сыяктуу бардык адистиктер боюнча окуу программасынын талаптарынын мазмунунун минимумун камтыган Мамлекеттик стандартты иштеп чыгуу боюнча чоң милдет коюлган.

Мамлекеттик стандартты иштеп чыгууга К.Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясынын окутуучулар жамааты, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети, М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын тажрыйбалуу мугалимдери, Балдар искусство мектептеринин методисттери, ошондой эле чыгармачыл бирикмелердин жана профсоюздардын өкүлдөрү катышкан.

Жакынкы убакта бул "Мамлекеттик стандарт" Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашылып, өкмөткө жөнөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий