• 88.68
  • 95
  • 0.95

Мадумаров жана Шайлдабекова парламенттик шайлоолорду өткөрүүгө даярдыктарды талкуулады

Өкмөт 0

Бишкек, 21.08.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Акрам Мадумаровдун төрагалыгы астында шайлоо комиссияларына уюштуруу жана шайлоо өткөрүүнү материалдык-техникалык жактан камсыздоо маселелерин чечүүдө колдоо көрсөтүү боюнча Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова даярдык иштеринин жүрүшү тууралуу баяндама жасады.

Ошондой эле өткөрүлүп жаткан иштер тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев беришти.

Вице-премьер-министр белгилегендей, шайлоо участоктору материалдык-техникалык база менен камсыздалган, бул иш улантылууда.

«Бардык шайлоо участокторун шайлоого даярдоо толук кандуу жүрүүдө, тийиштүү материалдык-техникалык база даяр. Тармактык мамлекеттик органдар жарандардын шайлоого катышуусу үчүн биометрикалык каттоого алуу боюнча ишти жүргүзүүдө. Мындан тышкары, шайлоочулардын тизмесин тактоо боюнча процесс уланууда. Жергиликтүү бийлик органдарынын башчылары иш алып бара турган маселелердин бири – шайлоо участоктору жайгашкан мекемелерде пандустарды орнотуу. Мен бул маселеге өзгөчө көңүл бурууну өтүнөм. Пандемия шартында шайлоо процессинин бардык катышуучулары санитардык коопсуздук нормаларын аткарууга өзгөчө көңүл буруусу керек», -деп белгиледи Акрам Мадумаров.

Штаб кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча жергиликтүү бийлик органдарына жана мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар, анын ичинде өлкөдөгү жана өлкөдөн тышкары жүргөн кыргызстандыктарды биометрикалык каттоого алуу боюнча ишти активдештирүү тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий