• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Майлуу-Сууда 340ка жакын абонентте жылуулук жок — министр

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19.01.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Майлуу-Суу шаарында 340ка жакын абонентте жылуулук жок, калгандарына берилди. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

“Майлуу-Сууда жылуулукка берилген сууну душка жана ашканада дагы колдонот экен. Мурун шаарда кошумча жылуу суу берилип турса, аны жаап салыптыр. Бир гана муздак сууну колдонуп келгендиктен, ал тоңуп калып, жылуулук үзгүлтүккө учурады. Азыр арыктагы суу менен отказан толтурулууда. Бүгүнкү күндө бир гана отказан калды, иштей элек. Ал эми 1 миң 730 абоненттин баарына электр энергия берилип баштады”, - дейт ал.

Ибраев бүгүн отказандар толугу менен ишке кирерине ишендирди.

Эске салсак, Майлуу-Суу шаарынын аймагындагы катуу сууктун кесепетинен 12-январь күнү шаардын калкын таза суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган. Шаарга берилүүчү суунун көлөмү азайгандыктан Майлуу-Суу шаарын жылуулук менен камсыздаган №1, №3, №4 отказандын жылуулук берүү системаларына суу толук келбей, жылуулук берүү үзгүлтүккө учураган.

Буга чейин №1 менен №4 отказан жылуулук бере баштаган.

Ал эми 13-январь күнү Майлуу-Суу шаарынын аймагында III ордук даражасындагы өзгөчө кырдаал режими жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий