• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен БУУӨПтүн кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечеги талкууланды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 04.03.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева Бириккен Улуттар уюмунун башкы катчысынын жардамчысы, Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) администраторунун жардамчысы, Европа жана КМШ боюнча аймактык бюросунун директору Ивана Живкович менен жолугушту.

Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда Кыргызстан менен Бириккен Улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги талкууланып, биргелешкен долбоорлор тууралуу сөз болду.

Депутат Камила Талиева алгач жолу Кыргызстанга келип жаткан Ивана Живковичке ийгиликтерди каалап, бул иш сапар алакаларды арттырууга өбөлгө түзөт деген ишеничте экенин билдирди.

«Кыргызстан Бириккен Улуттар уюму, анын ичинен Өнүктүрүү программасы менен гуманитардык, финансылык жана техникалык чөйрөдө конструктивдүү кызматташып келебиз. Андыктан калыптанган байланышты бекемдеп, мындан ары да тыгыз иш алып барууга кызыкдарбыз», – деди Камила Талиева.

Ошондой эле ишкер аялдарды колдоо, жашыл экономиканы жайылтуу, экологиялык долбоорлорду ишке ашыруу багытындагы сунуштары менен бөлүшкөн депутат туруктуу өнүгүү максаттарын (ТӨМ, ЦУР) илгерилетүүгө арналган демилгелер тууралуу сөз кылды.

Өз кезегинде БУУӨПтүн администраторунун жардамчысы Ивана Живкович Жогорку Кеңеш менен кызматташууга артыкчылык берерин айтып, биргелешип ишке ашырылган долбоорлор боюнча учкай кеп кылды.

Муну менен катар айтылган бардык сунуш-пикирлер маанилүү экенин белгилеп, Борбор Азия чөлкөмүндөгү лидер айымдардын форуму быйыл Бишкекте өтөрүн эске салуу менен анын алкагында карала турган маселелер боюнча ой бөлүштү.

Пикир

Оставить комментарий