• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто стадиондун айланасындагы мыйзамсыз курулуштар буздурулууда

Аймак 0

Бишкек, 04.03.24. /Кабар/. Ош шаарындагы А. Сүйүнбаев атындагы борбордук стадиондун айланасына курулган мыйзамсыз курулуштар буздурулууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, стадиондун аянты 2001-жылы берилген токтомга ылайык 5,5 гектар деп көрсөтүлгөн.

1996-жылы соцобьектилердин аймагынын жер аянттарын жеке менчике бербөө боюнча токтому чыкканына карабай, 1 гектардан ашууна жер тилкеси ар кандай жолдор менен жеке колдорго берилип кеткен. Алар стадиондун айланасына коммерциялык багыттагы курулуштарды салып иштетип келишкен.

Бүгүн курулуш ээлери менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен стадиондун аянтын баштапкы абалына келтирүү иштери башталды.

Алар спорт дүкөнү, бильярд клубу, той көйнөктөр салону жана мыйзамсыз турак үй, анын тосмосу.

Жерди курулуштардан бошотуу иштерин Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы жүргүзөт.

Эске салсак, Ош шаарынын борбордук стадионунун негизги унаа кирүүчү жолу талапка туура келбей, жеке тараптар тосуп алган. Анын арты менен Ош шаарында эл аралык жана республикалык масштабдагы футбол мелдештерин өткөрүүгө уруксат берилбей келген.

Мыйзамсыз жана ар кандай жолдор менен берилип кеткен имараттарды кайтарып алуу менен стадион толук эл аралык талапка жооп берген абалга келтирилет.

Пикир

Оставить комментарий