• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мал чарба тармагы Нарын облусун өнүктүрүүнүн локомотиви боло алат – Новиков

Өкмөт 0

Бишкек, 05.12.20. /Кабар/. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Нарын облусундагы иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Нарын шаарынын мэри, райондук жана облустук мамлекеттик мекемелердин жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

«Жакынкы мезгилде жугуштуу оорулар бөлүмүнүн курулушу жыйынтыкталат деп ишенебиз. Курулуш иштерин каржылоо жаатында белгилүү финансылык кыйынчылыктар бар. Бул маселе Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан иштелип чыгат жана каржылоо боюнча бардык милдеттенмелер атарылат. Күн тартибиндеги экинчи маанилүү маселе – бул кыш мезгилин электр энергетикасындагы эч кандай үзгүлтүксүз өтүү, жер-жерлердеги калкты отун менен тийиштүү камсыздоо болуп саналат», - деди өкмөт башчынын милдетин аткаруучу.

Артем Новиков белгилегендей, облуста дары-дармектердин баасын мониторингдөө жүргүзүлөт, зарыл болгон учурда аймакка медикаменттердин кошумча партиясы жеткирилет.

Кеңешменин жүрүшүндө облусту социалдык-экономикалык жактан өнктүрүүгө, өнөр-жай ишканаларынын ишине, коронавирус инфекциясы боюнча эпидемиологиялык абалга, инфраструктуралык объектилердин курулушунун жүрүшүнө тийиштүү маселелер талкуланды.

«Мал чарба тармагы облусту өнүктүрүүнүн локомотиви боло алат. Биз аймакты экономикалык жактан өнүктүрүү менен алектенишибиз керек. Биргелешкен план иштелип чыгып, тийиштүү иштер башталат», - деди премьер-министрдин милдетин аткаруучу.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий