• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Малайзиядагы сулуулук сынагына КРнын атынан Азалия Дүйшөналиева катышууда

Коом 0

Бишкек, 04.10.18. /Кабар/. Кыргызстандык Азалия Дүйшөналиева Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында өтүп жаткан Miss Cosmopolitan World 2018 сулуулук сынагына катышууда. Бул тууралуу сынактын расмий сайты кабарлады.

Дүйшөналиева социалдык тармактагы жеке баракчасына аталган иш-чарага катышкан Кыргызстандын биринчи өкүлү экендигин жазган.

“Дүйнө жүзүнөн келе турган бардык катышуучулардан биринчи болуп учуп келдим. Алардын саны 40ка жакын”, - деп жазган ал.

Жеңүүчү 19-октябрда аныкталат.

Белгилей кетсек, Азалия Дүйшөналиева жеке ырчы, мурда “Кыз Бурак” тобунун курамында ырдаган.

Пикир

Оставить комментарий