• 88.68
  • 95
  • 0.95

Мамбашкаруу секторунун уюмдарынын финансылык отчеттуулугунун стандарттары бекитилди

Өкмөт 0

Бишкек, 13.01.23./Кабар/. Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынында Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарынын финансылык отчеттуулугунун стандарттары бекитилди.

Чечим Кыргыз Республикасынын "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Мыйзамынын ченемдерин ишке ашыруу алкагында кабыл алынган, ага ылайык, коомдук сектор үчүн финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары Кыргыз Республикасынын аймагында бюджеттик мекемелер колдонгон бухгалтердик эсепти жүргүзүүнүн жана финансылык отчеттуулукту түзүүнүн бирдиктүү усулдук негизи болуп саналат.

Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарынын финансылык отчеттуулугу Стандарттарына өтүүсү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу секторундагы бухгалтердик эсеп системасын базар экономикасынын талаптарына ылайык келтирүүгө, бардык кызыкдар колдонуучулардын маалыматка жетүүсүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет жана мамлекеттик башкаруу секторундагы финансылык абалдын жана натыйжалардын объективдүү картинасын камсыз кылат.

Белгилей кетсек, бул Министрлер Кабинетинин 2023-жылы өтүп жаткан алгачкы кеңешмеси. Күн тартибинде 10дон ашуун маселе каралган.

Пикир

Оставить комментарий