• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Төрөбаев Брюсселде транспорттук байланыштар боюнча инвесторлор форумуна катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 30.01.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Борбор Азия менен Европа Биримдигинин ортосундагы туруктуу транспорттук байланыштар боюнча Биринчи “Global Gateway” инвесторлор форумунун ачылыш сессиясында баяндама жасады.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, Бакыт Төрөбаев форумга Бельгиянын Брюссель шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында катышты.

Анда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары экономикалык жактан кубаттуу Европа Биримдиги менен ресурстарга бай Борбор Азиянын кызматташуусу эки тарапка тең чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгиледи. Ал буга байланыштуу аймактар ортосундагы транспорттук жана соода коридорлорун бекемдөөгө чакырды.

Мындан тышкары, Европа менен Азияны байланыштырган Кыргыз Республикасынын транспорттук коридорлорунун маанилүүлүгүн кошумчалады. Бул багытта учурда Кыргыз Республикасы ишке ашырып жаткан эл аралык “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” жана өлкө ичиндеги “Балыкчы-Макмал” темир жолдорунун курулушу.

Баяндаманын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Европа биримдигине кирген өлкөлөр менен транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү жана өз ара пайдалуу өнөктөштүккө кыргыз тарап дайым даяр экени айтылды.

Пикир

Оставить комментарий