• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мамбетов: Экспресс-тесттер лабораториялык текшерүүдөн кийин гана колдонулат

COVID - 19 0

Бишкек, 31.03.20. /Кабар/. Экспресс-тесттер лабораториялык текшерүүдөн кийин гана колдонулат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин ыкчам штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.

Ал белгилегендей, коомчулукта бизде экспресс-тесттердин сапаты боюнча суроолор болуп жатат.

"Экспресс-тесттер тиешелүү лабораториялык текшерүүдөн өткөрүлгөндөн кийин гана иштетилет", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган 13 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлар 107ге жетти. Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда үч адам коронавирустан айыгып чыккан.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий