• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мамкурулуш жыл башынан тарта 100 лицензия жана 389 сертификат тариздеди

Коом 0

Бишкек, 18.03.21. /Кабар/. Жыл башынан Кыргызстандын курулуш тармагында иш алып баруу үчүн 100 лицензия жана 389 мамлекеттик квалификациялык сертификат таризделген. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпы 100 лицензиянын ичинен 76 уюм биринчи жолу лицензия алышкан.

Ошондой эле, отчеттук мезгили боюнча курулуш тармагындагы адистерге 389 мамлекеттик квалификациялык сертификаттар таризделген. Анын ичинен, мөөнөтү бүткөнүү менен байланыштуу 209 сертификат узартып берилген жана 29 адисттерге компетенттүүлүгү жоктугуна байланыштуу сертификат берүүгө баш тартылган.

Пикир

Оставить комментарий