• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мамлекеттик миграция кызматы жарандарга онлайн режиминде кеңеш бере баштады

Коом 0

Бишкек, 13.03.18 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. КР Мамлекеттик миграция кызматы жарандарга онлайн режиминде кеп-кеңеш бере баштады. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында ведомствонун төрагасы Медетбек Айдаралиев билдирди.

Ал билдиргендей, учурда ведомствонун сайты үч тилде иш алып бара баштады: кыргыз, орус жана англис.

“Акыркы жумада бизге онлайн режиминде көптөгөн суроолор түштү. Бул эң башкысы. Суроолор көбүнчөсү укук темасы жана “кара тизме” боюнча берилип жатат. Биз бардык суроолорго жооп бердик. Эгерде 2016-2017-жылдары 46 миң жаранга жооп берсек, онлайн режиминде бул көрсөткүчтү эки эсеге көбөйтө алабыз”,-деп билдирди ал.

Андан тышкары, кайрылмандар үчүн документ алуунун шарттары жеңилдетилди. Барып-келүүнү азайтуу үчүн алардын документтер электрондук форматта алынып жатат.

Пикир

Оставить комментарий