• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сапар Исаковдун кадамдары өкмөттөгү тартипти чечкиндүү түрдө колго алганын айтып турат – саясат таануучу

Саясат 0

Бишкек, 13.03.18. /Мирлан Киизбаев - Кабар/. Өкмөттүн аппарат жетекчисинин кызматтан бошотулушу жана бир катар министрлерге катуу сөгүш жарыяланышы коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүү чечкиндүү түргө өтүп жатканын билдирет. Сапар Исаковдун бир катар министрлерге жана мамлекеттик жетекчилерге тартиптик жазаларды жарыялашы тууралуу мындай пикирин саясат таануучу Айнура Арзыматова билдирди.

“Эбак эле ушундай жасаш керек болчу. Бул чиновниктердин жоопкерчилиги жогорулап, коррупциялык көрүнүштөр менен күрөш күчөтүлүп, чечкиндүү түргө өткөнүн айтып турат”,- деп белгиледи ал.

Анын айтымында, аткаруу бийлигиндеги кадр маселеси бүт мамлекеттик башкаруу тутумунун көйгөйүнө айланып, өлкө тиешелүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү деңгээлине чыга албай жатканына себеп болууда.

“Сапар Исаков өкмөттөгү тартипке чечкиндүү киришти. Көптөгөн жетекчилер сөгүш алып, кызматынан бошотулушту. Буга чейин министрлер жана орун басарлар эскертүүлөрдү, сөгүштөрдү алып, иштеп жатышса, эми аларды кызматынан алып жатышат. Бизде ЕАЭБ менен маселенин жаралышы – бул алсыз аткаруучу тартиптин натыйжасы, ал аксап жатат. Бул Кыргызстандын кириши жана ЕЭАБде болушу менен айрыкча билинди”, - деп белгиледи Арзыматова.

Эксперт өкмөттүн мүчөлөрү жыйынтык үчүн иштөөлөрү керектигин кошумчалады.

“Бүгүнкү күндө министрлерибиздин ишинин жыйынтыгы көңүл жубатаарлык эмес. ЕАЭБге кирүүдө, жылуулук мезгилине даярданууда жана андан өтүүдө иш ордунан чыкпай калган учурлар болду. Мунун баары – кадр саясатындагы жана чиновниктердин аткаруу тартибиндеги кемчилдиктер. Биздин министрлер кабинетибиз ачтан өлбөс, көчтөн калбас болуп иштеп жатат. менимче, премьер-министрдин бул кадамдары биздин мамлекеттик кызматкерлердин көзүн ачат”, - деп кошучалады Арзыматова.

“Көптөгөн министрлер катуу сөгүш алып, өкмөттүн аппарат жетекчисинин кызматтан алынышы көп нерседен кабар берет, эми аёо деген болбойт. Эми кадрларды силкип, министрлерден жана мамлекеттик кызматкерлерден натыйжа үчүн иштөөнү талап кылышат”, - деп жыйынтыктады саясат таануучу.

Пикир

Оставить комментарий