• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаардык Кеңешинин кезектеги XII сессиясы өтүп жатат

Аймак 0

Бишкек, 13.03.18. /Кабар/. Бүгүн, 13-мартта Ош шаардык Кеңешинин кезектеги XII сессиясы болуп жатат. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, шаардык кеңештин депутаттары, вице-мэрлер, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышууда.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кезектеги сессиянын күн тартибине 11 маселе коюлган.

“Сессиянын алкагында 4-5-маселе комиссиянын отурумунда каралгандыгына байланыштуу алынып салып, алардын ордуна Ош шаарынын мэриясынын алдындагы жеке турак-жай куруу, жер пайдалануу жана турак-жай маселелери боюнча департаментинин ипотекалык багытта берилип жаткан турак-жайлары жана автотоктомолордун жоболорун бекитүү боюнча маселелер кошумчаланды”,-деп айтылат маалыматта.

Учурда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев биринчи маселеде каралып жаткан 2017-жылдын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча отчет берип, шаардык депутаттардан берилип жаткан суроолорго жооп берип жатат.

Пикир

Оставить комментарий