• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарында рейд учурунда бир нече саатта жүздөн ашык жол эрежесин бузуу аныкталды

Аймак 0


Бишкек, 25.04.23. /Кабар/. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын атайын ротасы жетекчиликтин тапшырмасы менен Нарын облусунун аймагында жол унаа кырсыктарынын алдын алуу, мыйзам бузууларга жол бербөө жана айдоочуларды айдоо маданиятына чакыруу багытында атайын рейддик иш-чара жүргүзүп, төрт сааттын ичинде 102 жол эрежелерин бузган айдоочуларды аныктады.

Башкармалыктын маалыматына ылайык, анан ичинен:

- мас абалында унаа башкаргандар 4 айдоочу (баары чоң кызматтарда иштегендер);

- тийиштуу документтери жок -1 авто унаа;

- мыйзамсыз кошумча жабдыктап алган (переоборудование) -5 авто унаа;

- терезелерин мыйзамсыз караңгылатып алган -1 авто унаа;

- “Автоураган” аппараттык комлекси аркылуу ар кандай (издөөдө жүргөн, айып пулун төлөбөгөн жана башка) жол эрежесин бузган 13 авто унаа аныкталган;

- башка жол эреже бузуулар 78;

- ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 27 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короого киргизилген.

ЖКККББнын атайын ротасы жол унаа кырсыктарынын алдын алуу максатында Кыргызстандын башка аймактарында да рейддик иш-чараларын улантат. Айрыкча мас абалында унаа башкарган айдоочуларга каттуу чаралар көрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий