• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Аюнун" жетекчилиги: Ишкана иштеп, иш орундары сакталышы үчүн аларды өз ыктыярыбыз менен мамлекетке өткөрүп бердик

Коом 0

Бишкек, 25.04.23. /Кабар/. "Аю" компаниясынын спирт жана арак заводу мамлекетке өз ыктыяры менен өттү. Бул тууралуу алкоголдук ичимдиктерди чыгарган ишкананын жетекчилиги журналисттерге берген маегинде билдирди. Парламенттин жакында эле өткөн жыйынында ушул маселе талкууланып, анын жүрүшүндө тармактын өзүндө да, текшерүүчү органдардын арасында да ири коррупциялык фактылар ачыкка чыкты.Мамлекетке келтирилген чыгымдын суммасы миллиарддаган сомду түзөт.

Алсак, депутаттарга кызмат адамдары менен биргеликте акциздик марканы жасалмалоо, спирт аткезчилиги жана өндүрүштүн чыныгы көлөмү тууралуу маалыматтарды жашыруудан мамлекеттик казынага дээрлик 19 млрд сомдой түшпөй келгендиги тууралуу маалыматтар айтылды. Компанияда жүргүзүлгөн акыркы текшерүүнүн жыйынтыгы коомчулукта резонанс жаратты. Бул коррупциялык иштердин айсбергинин көрүнгөн бир бөлүгү гана.

"Аю" компаниясынын аткаруучу директору Нурбек Нургазиев журналисттерге төмөнкүлөрдү билдирди: "Спирт заводунда текшерүүлөр жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында кылмыш иштери козголду. Учурда ИИМ тарабынан тергөө амалдары жүрүүдө. Заводдордон спирт ичимдиктери алынды. Ошондуктан ишкана иштеши жана жумуш орундары сакталышы үчүн биз аларды өз ыктыярыбыз менен өткөрүп бердик. Азыркы тапта Мамлекеттик мүлк фонду менен процесс жүрүп жатат".

Чынында, бул мыйзам бузуу фактыларын таануу жана каталарды оңдоого "Аю" жетекчилигинин даярдыгын билдирет. Башкача айтканда, кандайдыр бир “мамлекеттик рейдерлик” тууралуу ушак-айыңдар, билдирүүлөр бул жерде орунсуз.

Саясатчы Бактыбек Саипбаев алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү мамлекеттик катуу көзөмөлгө муктаж деп эсептейт. "Спиртти жана аракты өндүрүү мамлекеттин көзөмөлүндө болгону туура болот. Өндүрүштөн түшкөн кирешелердин бардыгы бюджетке түшүшү керек. Биз жеке жактар эмне кыларын көрдүк: алардан 275 тонна спирт аткезчилиги жана 12 миң акциздик маркалар алынды. Бул ири көлөм. Аны менен катар эч ким салык төлөйүн деген эмес. Ошондуктан алкоголдук тармакты монополиялаштыруу туура кадам", - деп баса белгиледи Саипбаев.

Пикир

Оставить комментарий