• 88.68
  • 95
  • 0.95

Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 06.10.23./Кабар/. Президент Садыр Жапаров “КР Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ишинин маселелери боюнча КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 4- октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам “КР Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ачык акционердик коомунун ишин натыйжалуу башкарууну жогорулатуу максатында иштелип чыккан.

Мыйзам менен Кыргызстандын экономикасынын артыкчылыктуу жана стратегиялык тармактарын өнүктүрүүгө жана стимулдаштырууга багытталган Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ишинин максаттары, түптөөнүн укуктук жана уюштуруучулук негиздери такталган, ошондой эле кошумча функциялар берилген. Ушуга байланыштуу Мыйзам менен КР Граждандык кодексине, “КР Мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө”, “Акционердик коомдор жөнүндө” жана “КР Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө” КР мыйзамдарына өзгөртүүлөр каралган.

Пикир

Оставить комментарий