• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Автоунаа үчүн "өзгөчө" номерлерди сатуудан бюджетке 100 млн сом түштү

Коом 0

Бишкек, 23.01.19. /Кабар/. Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) республикалык бюджетке дээрлик 100 миллион сом которду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал каражаттын 46 миллиону мамлекеттик номерлерди даярдоодон жана 56 миллиону өзгөчө номерлерди сатуудан түшкөн.

МККнын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасы 2016-жылдын 1-июнунан тарта мамлекеттик номерлерди чыгарууну колго алган. Андан мурун унаалардын мамлекеттик номерлерин даярдоону жеке компания ишке ашырып, андан түшкөн пайда компаниянын эсебине түшүп турган.

Ошол эле учурда ал номерлердин наркы евронун курсуна байланып, курстун өсүшү менен номерлердин баалары да көтөрүлүп турган. Мисалга, 2010-жылы номерлердин бир комплекти 790 сом болсо, 2016-жылы анын баасы 1050 сомго чейин жогорулаган.

Бирок бул милдетти МККнын алдындагы мамлекеттик ишкана алгандан кийин баалар кыйла төмөндөгөн. Адаттагы номерлерди даярдоо жеке компаниянын бааларына караганда 24,4%га арзандаган болсо, дипломаттык, консулдук жана эл аралык өкүлчүлүктөрдүн 1 комплект номерин даярдоо 61,5%га ылдыйлаган.

Пикир

Оставить комментарий