• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Индияда арстандар зоопаркка келген кишини чайнап салышты

Дүйнө 0

Бишкек, 23.01.19. /Кабар/. Индияда арстандар зоопаркка келген кишиге кол салып, натыйжада ал каза болгон, - деп жазат Day.Az агенттиги.

Белгилүү болгондой, зоопаркка келген адам тосмолордон өтүп, сафариге кирип кеткен.

Окуя болгон учурда зоопаркка жүргүнчүлөр менен келген автобустун айдоочусу аны байкап калып, жергиликтүү куткаруучуларды чакырган. Алар болжол менен беш мүнөттүн ичинде жабырлануучуну сууруп чыгууга үлгүрүшкөн.

Арстандар чайнап салган адам оор абалда ооруканага жеткирилген, бирок алган жаракаттан улам каза болгон.

“Каза болгон адамдын оң көзү катуу жабыркаган, моюнунда, көкүрөгүндө жана белинде чоң жаракаттар болгон”, - деп билдиришет оорукананын дарыгерлери.

Пикир

Оставить комментарий