• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Маморгандардагы IT адистердин квалификациясын жогорулатуу бөлүмү ачылды

Коом 0

Бишкек, 13.11.17./Кабар/. Бүгүн, 13-ноябрда “Маморгандардагы IT адистердин квалификациясын жогорулатуу бөлүмү ачылды. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик кадр кызматы “Глобал Технолоджи Солюшнс” компаниясы менен бирге маалыматтык-коммуникациялык системасына жоопкерчиликтүү 60 мамлекеттик кызматкердин квалификациясын жогорулатмакчы.

Иш-чаранын жүрүшүндө Мамлекеттик кадр кызматынын директору Акрам Мадумаров мындай пландаштырылган окутуунун алкагында мамлекеттик уюмдар “Таза Коом” долбоорунун өнүгүүсүнө бараандуу салымын кошорун жана мунун натыйжасында маалыматтык система үзгүлтүккө учурабай анын иши жакшырып, мамлекеттик органдар калкка сапаттуу көрсөтөөрүн баса белгиледи.

Ал эми “Глобал Технолоджи Солюшнс” компаниясынынпрезиденти Доктор Денни Дж.Чо өз сөзүндө маалыматтык технологиялар жана коммуникациялар тармагынын өнүгүүсү жашоонун сапатын жогорулатарын айтты. Ошондой эле ал “Бүгүнкү күндө Глобал Технолоджи компаниясы кадр кызматынын жетекчилиги астында мамлекеттик кызматкерлерге IT окутуусун жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алганына кубанычтамын жана бул биздин “Электрондук өкмөт” жана “Таза коом” долбооруна кошкон кичине да болсо салымыбыз болсун”,- деди .

IT адистерин окутуу белгилүү“Xerox” компаниясында 6 жыл иштеген АКШлык адис Троя Фарреланын жетекчилиги менен өтөт.

Жолугушуунун аягында тараптар мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди окутуу багытында кызматташууну арттырууга кызыкдар экендиктерин айтышты.

Пикир

Оставить комментарий