• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

МКК эмне үчүн Баткендеги этникалык кыргыздарга паспорт берүү кечеңдетилип жаткандыгынын себебин түшүндүрдү

Коом 0

Бишкек, 13.11.17. /Салтанат Абдраева - Кабар/. Мамлекеттик каттоо кызматынан (МКК) эмне үчүн Баткен облусунун Чоң-Кара айылындагы этникалык кыргыздарга паспорт берүү кечеңдетилип жаткандыгынын себебин айтышты.

“Кабар” агенттигине МККнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, паспорт берүүнүн кечиктирилишинин башкы себебе - документтин жоктугунан болуп жатат.

“Ал жакта паспорт ала албай жаткан 31 адам бар. Ар бир жагдай боюнча өзүнүн себептери бар. Жалпысынан буга документтердин жоктугу себеп, алар болгон учурда да туулгандыгы тууралуу маалымат жазыла турган жерге башкача калем сап менен жазып, булгап коюшкан. Мындай учурда ал документ болуп саналбайт. Маалыматтардын бардыгын текшерүү үчүн Өзбекстанга өтүнүч кат жөнөтүлөт. Ушуга байланыштуу кечеңдетилип жатат”,-деп түшүндүрүштү басма сөз кызматынан.

Эске сала кетсек, этникалык кыргыздар Акыйкатчы Кубат Оторбаевге кайрылып, анда документтерди берүүнү кечеңдетип жаткан МККнын кызматкерлеринин иш-аракетине даттанышкан.

Пикир

Оставить комментарий